Воскресенье, 19 мая

Президенттик шайлоо 10-январга белгиленди

0

Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Мындай чечим БШКнын отурумунда кабыл алынгандыгы тууралуу маалыматты БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Мыйзамга ылайык президент кызматтан кеткенден кийин мөөнөтсүз шайлоо үч ай ичинде өтүшү керек. Эгер парламент президент кызматтан кеткенден кийин бир жума ичинде шайлоо күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо расмий түрдө белгиленди деп эсептелет. Ага байланыштуу шайлоону 2021-жылдын 10-январында өткөрүү сунушталган.

БШКсы бул сунушту кабыл алган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз