Воскресенье, 19 мая

Баткен чек-арасындагы чыр

0

Кечээ, 25-октябрда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандык чек арачылар барып, эскертүү беришкен. Бирок тажик жарандары кулак салбай, оозеки кайым айтышууга барышкан. Кыргызстандык чек арачылары чыр-чатактын өрчүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында, эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Тажик тарап курулуш иштерин Кыргызстандын аймагы болуп эсептелген 50 метр аралыкта жана тактала элек аймакта жүргүзгөн.

Учурда ал жердеги иштер токтотулуп Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат. Ошондой эле жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышууда.

Бул тууралуу маалымдаган Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда аймактагы абал туруктуу деп кабарлады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз