Катарда Франциянын президенти Макрондун ислам боюнча билдирүүсүнөн кийин француз товарларына бойкот жарыяланды.
Мамлекеттик соода түйүндөрүнүн текчелеринен француз быштактары алынып, ордуна жергиликтүү азык-түлүктөрдү коюшууда. Француз азык-түлүктөрүнөн Le Train Bleu рестораны да баш тартты.
Эскерте кетсек, 16-октябрда Париждин четиндеги кичи шаарлардын биринде мектеп окуучусу мугалимин Мухаммад (с.а.в.) пайгамбардын карикатурасын көрсөткөндүгү үчүн башын кесип салган. Андан кийин кылмышкер башы кесилген сүрөттү жарыялап, андан соң Франциянын президентине “Мугалимди Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарды шылдыңдап, кемсинткени үчүн жазалаганын” айтып кайрылган.
Макрон бул окуяны теракт деп атап, бийлик балдарга билим берүүгө өзгөчө маани берип,Францияда Мусулмандар Кеңеши менен биргеликте чет элдин таасирисиз өлкөдө “Жаңыртылган ислам” уюмун түзүүнү, ошондой эле француз лидери мечиттердин каржыларын көзөмөлдөөнү күчөтүүдө бир канча иш-чаралардын тизмесин сунуштаган.