Воскресенье, 5 мая

Пакистандын премьери француз лидери Макронду сындады

0

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Франциянын президенти Эммануэль Макрондун исламга каршы сүйлөгөнүн сындады.

Премьер: “Чыныгы саясатчы этникалык жана диний чөйрөдө араздашууну күчөтүүнүн ордуна коомду бириктирүүчү фактор катары кызмат кылуусу керек. Макрон терроризм жана радикализмдин бардык түрү менен активдүү күрөшүүнүн ордуна исламофобиялык көз карашты карманганы өкүнүчтүү” — деди.

Имран Хан, француз лидери Исламды кордоо менен бир эле Европадагы эмес бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мусулмандардын сезимдери менен ойноп жаткандыгын белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз