Пятница, 22 ноября

БШК соттун токтомуна каршы арызданат

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган соттун токтомуна каршы арызданат. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда Боршайком анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдирип чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан.

БШК парламенттик кайра шайлоону 20-октябрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко «Актив» партиясы жана «Адам укуктары жана демократия үчүн коалициясы» сотко кайрылган.

Боршайкомдун маалыматына караганда, кайра шайлоого катышуу ниетин 48 саясий партия билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз