Суббота, 18 мая

Садыр Жапаров кызматын тапшырып шайлоого барат

0

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Ага мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров да катышаарын жарыялады. Бул тууралуу Жапаровдун 25-октябрда Кочкор районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айткан видеосу Интернетте тарады.

«10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары катышам. Өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам», — деди Жапаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-октябрдагы жыйынында кезексиз президенттик шайлоонун 2021-жылдын 10-январында өтөрүн жарыялаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз