Воскресенье, 5 мая

Палестинада Францияга каршы нааразычылык акциясында түрк байрактары менен чыгышты

0

Палестинада исламга жана  Азырети Мухаммедге акаараттарды камтыган карикатуралардын жарыялануусуна каршылык көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн нааразычылык акциясында митингчилер түрк желектери менен жүрүштү жана Франциянын президенти Еммануэль Макрондун портреттерин өрттөштү.

Газада болгон митингге катышкан жүздөгөн палестиналык  Макрондун билдирүүлөрүн четке кагышкандарын белгилешти.

Митингчилер дайыма исламды жана Азырети Мухаммедди жактаганы үчүн Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдогандын портреттери менен түрк желектерин алып жүрүштү.

Басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарынын батышындагы Налейн аймагында  чогулган палестиналыктар да «Пайгамбарыбыз кызыл сызык. Ата  — энем  сага курман болсун эй Алланын элчиси. Франция террорист жана расист бир мамлекет»,- деп жазылган плакаттар менен чыгышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз