Кыргызстанда коомдук саясий «Үмүт» кыймылы түзүлүп, курамына «Мекен ынтымагы», «Реформа», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «Социал-демократтар» партиялары менен «Кыргызстан жаштары» саясий уюму, «Калыс» кыймылы жана жаштар кыймылынын жетекчиси Чыңгыз Макешов кирди. Бул тууралуу «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков билдирди.
Жаңы кыймыл айрым саясий топтор менен адамдардын бийликти узурпация кылып жатканына тынчсыздануусун кабарлаган.
“Үмүт” кыймылы бийликке 6 талап койду. Алар:
— 2020-жылдын 20-декабрында ачык жана таза парламенттик шайлоо өткөрүүнү камсыздоо;
— Президентин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоо күрөөсү менен босогосун азайтып, №2 форманы жокко чыгарган «Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга кол коюп берсин;
— 2020-жылы өткөн шайлоо алдында жана 4-октябрдагы шайлоодо эреже бузууларга, административдик ресурстарды колдонууга жана добуш сатып алууга жол берген Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын жетекчилерин жоопко тартуу;
— БШКнын мүчөлөрүнө басым, кысым көрсөтүүнү токтотуу;
— Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктагандыктан таркатуу;
Асанбеков бийликтин диалогго барышын талап кылып, болбосо жаңы саясий блок мыйзамды коргоп митингге чыгарын белгиледи.