Бүгүн, 29-октябрда коронавирус 522 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек – 110;
- Ош – 33;
- Чүй облусу – 58;
- Ош облусу – 75;
- Талас облусу – 26;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 37;
- Жалал-Абад облусу – 86;
- Баткен облусу – 90.
Оору жуккандардын жалпы саны 57 798 кишиге жетти.
Бир күндө 460 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 444 адам жатат, дагы 3 580 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 605ке жетти, алардын 3 309у айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору үч дарыгерден табылды.