Четверг, 2 мая

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, талкуунун негизги темасы Пакистан медициналык кеңешинин КРдагы медицина тармагынын адистерин даярдаган ЖОЖдорду “кара тизмеге” киргизүүсү болду. Мындан сырткары, жалпы эле билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы абалга алып келген жагдайлар, ошондой эле азыркы маселени тез арада чечүү жолдору талкууланды.

Ошодой эле Бейшеналиев кыргыз тараптын илимий-изилдөөлөрдү эки өлкө чогуу жүргүзүп кызматташуусуна, анын ичинде эки өлкөнүн Илимдер академиясынын кызматташуусуна жана окумуштуулардын тажрыйбаларын алмашууга кызыктар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз тарап жакын арада Пакистандын КРдагы элчилигине КР ЖОЖдорун “кара тизмеден” чыгаруу маселесин чечүү жолдорун, анын ичинде эки өлкөнүн биргелешкен баалоо комиссиясынын түзүлүүсүн камтыган расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап өз кезегинде, бул маселенин тез арада чечилишине, ошондой эле келечекте Кыргызстанда билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө жана КР жарандарына Пакистандын ЖОЖдорунда ар түрдүү багыттарда билим алуу үчүн квота санын көбөйтүүгө кызыктар экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз