Пятница, 17 мая

Франциянын карикатурасы БУУну да тынчсыздандырууда

0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Цивилизациялар Альянсынын Жогорку өкүлү Мигель Анхель Моратинос бардык диндерди жана ишенимдерди өз ара урматташуу, бир туугандык жана тынчтык маданиятын көтөрүүгө чакырды.

Моратинос  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мухаммедди  кемсинткен жана сатиралык мультфильмдер менен карикатуларадын жарыяланышы зыян келтирген аракеттерден терең тынчсыздангандыгын билдирди.

Карикатулардын  диндери, ишеничтери же этникалык тектеринен улам күнөөсүз жарандарга карата кыймылдарды күчөткөнүнө көңүлдөрдү бурган Моратинос диндерге жана ыйык диний символдорго акаарат кылуунун жек көрүү жана зомбулукту көкүтүү менен уюлдашууга жана бөлүнүүгө себеп болгонун белгиледи. Моратинос бардык диндерди жана ишенимдерди өз ара урматтоого, бир туугандык жана тынчтык маданиятын көтөрүүгө чакырды.

Сөз эркиндигин бардык диний ишенимдерди урматтоо менен колдонуу керектигин белгилеген Моратинос зомбулук аракеттери эч кандай динге, улутка, цивилизацияга же этностук топко байланыштуу болбошу керектигин баса белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз