Франциянын Ницце аймагында куралчан белгисиз адамдын кол салуусунан эң аз үч адам каза болуп, бир канча адам да жараланды. Euronews агенттигинин билдирүүсүннө караганда бир аялдын башы кесилген.
Кылмыш бүгүн эрте менен Нотр-Дам чиркөөсүнүн жанында болгон. Күбөлөрдүн айтуусунда кол салган адам “аллах акбар” деп кыйкырган, полиция кылмышкерге каршы 6-7 жолу ок чыгарган.
Ниццынын мэри Кристиан Эстрози бул окуяны терракт деп баалады. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасында жазган. Ошондой эле мэр кылмышка шектүү кишинин кармалгандыгын билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык кылмышка шектүу адамдын абалы оор жана ооруканага жеткирилген. Кылмышкерди кармоо учурун аймактын тургундары камерага тартып алган.
Кылмыш болгон жерге ири полиция күчү, ошондой эле терроризм менен күрөшүү бөлүмү да тартылгандыгын парламенттин депутаты билдирди. Өлкөнүн түштүгүндөгү каза болгон адамдарга парламентте аза күтүү минутасын кармашты.
Ниццедеги бардык храмдар жабылып, видеокамералар коюларын шаардык кеңеш билдирди.