Пятница, 22 ноября

Бишкекте энергетиктер митингге чыгышты

0

Бүгүн Бишкекте Чыгыш, Батыш жана Аламүдүн райондук электр станцияларынын кызматкерлери митингге чыгышты.

Алар «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жанында турушат. Мекемеден кабарлашкандай, чогулган 40тай кызматкер «Түндүк электр» акционердик коомунун директорлор кеңеши Улан Астаркуловду компаниянын директору кызматына бекиткенине нааразычылык билдиришүүдө.

Митингчилер жаңы дайындалган жетекчи кылмыш ишинин фигуранты катары өтүп жатканын белгилешет.

«Улуттук энергохолдинг» мекемесинин маалымат кызматы «Түндүк электр» ишканасынын жетекчилиги бул боюнча кийинчерээк комментарий берерин билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз