Понедельник, 13 мая

Бир суткада Кыргызстанда коронавирус 596 адамдан аныкталды

0

Бир суткада Кыргызстанда коронавирус 596 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 136;
  • Ош – 23;
  • Чүй облусу – 89;
  • Ош облусу – 64;
  • Талас облусу – 39;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 91;
  • Баткен облусу – 112.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 58394 кишиге жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны — 49 522. Учурда 3359 бейтап стационарда, башкалары үй шартында дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери ооруну жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3612ге жетти, алардын 3316сы айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз