Бүгүн Измирдин Сеферихисар районунда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду.
Табигый кырсыктарды жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгынын маалыматка ылайык, Измирдин Сеферихисар районунан 17 чакырым алыстыкта, Эгей деңизинде саат 14.51де 6,6 баллдык жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн 16,54 чакырым тереңдикте болгондугу аныкталды.
Жер титирөөдөн Измирдин Байраклы жана Борнова райондорунда алты турак жай имараты кыйроого учураган.
Алдын ала маалыматка караганда жер титирөөдөн Измирде 4 адам каза болуп, 120 адам жапа тарткан.
Байраклы районундагы жер титирөөдөн улам кулаган имаратта издөө — куткаруу иштери жүрүп жатат.
Жер титирөө Стамбулда дагы сезилди. Стамбул губернатору Али Йерликая соцтармактан берген маалыматында : «Стамбулда сезилген жер титирөөгө байланыштуу эч кандай терс кабар берилген жок», — деди.