Воскресенье, 28 апреля

Өлкөбүздө 1 миң 155 жаран коронавирустун айынан көз жумду

0

Республикалык штабдын билдиришинче, Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 436 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 112, Ош шаарында — 32, Чүй облусунда — 18, Ош облусунда — 27, Талас облусунда — 15, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 41, Жалал-Абад облусунда — 108, Баткен облусунда – 80 адам жуктуруп алган.

Акыркы бир күндө 332 адам бул оорудан айыкты: Бишкекте — 60, Ош шаарында — 27, Чүй облусунда — 41, Ош облусунда — 25, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 82, Баткен облусунда — 75 киши.

Аталган илдеттен жалпы 50 миң 741 адам айыкса, 59 миң 879 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 155 жаран көз жумган. Бир күндө 5 өлүм катталды. Бишкек шаарында 3, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 441 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 941 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 619 учур катталды, алардын ичинен 3 340 медкызматкер айыгып чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз