Четверг, 21 ноября

Түркияда каза болгондордун саны 79га жетти

0

Түркиянын Измир аймагындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 79га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттиги (AFAD) маалымдады.

Мурдараак 73 киши көз жумуп, 949 жаран жаракат алганы айтылган эле.

30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Ошондой эле жердин силкинүүсү Грециянын Самос аралында дагы катталган. Ал жерде эки адам көз жумуп, 20 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Мурдараак, Кыргызстанда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жер титирөөгө байланыштуу түрк элине көңүл айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз