18-октябрда Москва шаарында «Колизей ММА» мушташ уюмунун кезектеги турнири болуп өттү.
Ал мелдешке Кыргызстандын 34 спортчусу катышкан. Алардын ичинен 10 спортчу нокаут менен жеңишке жетишсе, үчөө атаандашын муунтуп, бирөө калыстардын чечими менен, дагы бирөө атаандашынын колу-бутун кайрып жеңүүчү деп табылды.
57 кг салмакка чейинкилер арасында кыргызстандык Жоомарт Замирбек уулу орусиялык Анваржон Рахимов менен беттешип, атаандашын 13 секундда нокаут менен жеңип алган.