Пятница, 17 мая

Улукбек Кочкоровго кылмыш иши козголдубу?

0

Буга чейин жактоочу Бакыт Жумашев Улукбек Кочкоров суракка келбей жатканын, ага карата иш козголгонун айткан эле.

«Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри өзүнүн кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн милиция кылмыш ишин козгогон. Себеби ал Бишкектеги карылар үйүнүн директору Зркингүл Абдылдаеваны мыйзамсыз жумуштан кетирген. Министрдин аракети соттун үч инстанциясы тарабынан тең мыйзамсыз деп табылган. Ошондой эле мамлекетке дагы зыян келтирген. Себеби Зркингүл Абдылдаеванын ушуга чейинки айлык акысы мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Ошондой эле Улукбек Кочкоровдун үстүнөн козголгон «көз боёмочулук» беренеси боюнча кылмыш иши бар. Бирок ал сурак берүүгө келбей, тергөөнү создуктуруп жатат, — дейт Бакыт Жумашев.

Бирок Улукбек Кочкоров, кылмыш иши козголбогонун, болгону суракка чакырылганын айтты. Кочкоров, маселе Бишкектеги карылар үйү тууралуу болуп жатканын кршумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз