Элиф Перинчек аттуу кыз Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдө урандылардын арасында калган эле. Куткаруучулар 3 жашар кызды 65 сааттан кийин тирүү куткарып алышты.
Куткарылган кыз Измир шаарынын ооруканасына жаткырылып, даарылана баштады. Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) башчысы Мехмет Гүллүоглу кичинекей кызды ушунча убакыттан кийин тирүү куткарып алышкандыгы үчүн кубанып жатышканын айтты.
Мурдараак 14 жаштагы Идиль Ширин аттуу кыз да куткарылган эле.
Акыркы маалыматтар боюнча 2 октябрда болгон 6.6 баллга жеткен жер титирөөдөн 79 адам курман болгон. Жаракат алган 963 адамдын 743 адам дарыланып үйлөрүнө жөнөтүлгөн.