30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөөдө кулап калган турак үйдүн урандысында 91 сааттан кийин кереметтүү окуя болду.
Издөө-куткаруу топторунун кол чабуулары менен 4 жаштагы Айда Гезгин урандыдан чыгарылды.
Айда медицина кызматкерлерине тапшырылып берилди.
Айда Гезгин урандылардан куткарылган 107-адам болду.
Экология жана шаар куруу министри Мурат Курум, Айданын ден-соолугу жакшы экенин жана ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Жер титирөөдөн 65 саат өткөндөн кийин да кереметтүү окуя болуп, 3 жашар кыз Элиф Перинчек урандылардын астынан тирүү чыгарылган болчу.