Пятница, 22 ноября

Садыр Жапаров: Кыргызстанды коррупциядан арылтам

0

Максатым – Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун активи менен жолугушканда билдирди.

Садыр Жапаров И. Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот!» деген сөзү анын урааны экенин айтып, коррупцияга каршы аракеттенүүдө ар бир жетекчи саясий эркти көрсөтүүсү керектигин баса белгиледи.

«Мен бардык ишти салмак менен карап жатам.Элибиз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө, чиновниктер менен мамлекеттик кызматкердин коррупциясыз таза иштөөсүнө суусап турат. Ошондуктан бардык жетекчилерден бекем саясий эркти көрсөтүп, коррупция менен күрөшүп, таза иштөөгө чакырам. Мен ушуга аттандым! Максатым – Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу», — деди президенттин милдетин аткаруучу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз