Пятница, 22 ноября

Түркмөн-өзбек чек арасынан аткезчилер кармалды

0

Дашогуз облусундагы түркмөн-өзбек бажы өткөрмө бекетинде түстүү металл ташыган сегиз жүк ташуучу автоунаа кармалды.
Жүк ташуучу автоунаалардын ээлери Түркмөнстан жарандары, алардын ичинен алтоо — этникалык казак, экөө – түркмөн. Учурда алардын баары Көнө-Ургенч районундагы полиция бөлүмүнүн тергөө абагында сурак берүүдө. Кармалгандар мыйзамсыз түрдө түстүү металл сатууга айыпталууда.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, соода менен алектенген ишкерлер түркмөн-өзбек чек арасынан өтүп, Өзбекстандын Хожейли шаары аркылуу Казакстанга барууга ниеттенишкен. Автоунаага жүктөлгөн товарлардын баары каттоодон өткөн.
Маалыматарга караганда, алар Казакстанга виза ала алышкан эмес, буга байланыштуу Өзбекстан чек арасы аркылуу өтүүгө аракет жасашкан. Кармалган жарандар түстүү металлдан жасалган буюмдарды азык-түлүк товарларына алмаштырып, кайра Түркмөнстанга кайтышмак.
Автоунаалардын ээлери жана айдоочулар тогуз күндөн бери тергөө абагында отурат. Алар аткезчилик жол менен түстүү металлдарды өлкөдөн алып чыгып кетүү аракетине айыпталышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз