Пятница, 22 ноября

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

0

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн, 18-март күнү да уланаарын билдирди. Чек арадагы курчуп кеткен кырдаалдан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр 15-мартта башталган. Ага Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандан премьер-министрдин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышууда.
Сүйлөшүүлөр кечээ, 17-март, дем алыш күнү да жүргөн. Бирок анда тараптар бир жыйынтыкка келе алышпагандыктан, бүгүн да сүйлөшүүгө отурууга мажбур болушууда. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек деген чечим кабыл алынган.
Ошондой эле чек арадагы чырдын чыгышына себеп болгон Аксай-Тамдык жолунун айланасындагы кырдаал жана жаңжалдан бери жабык турган жолдорду ачуу маселеси талкууланып жатат.
Мамлекеттик чегара кызматын өкүлү Салкын Абдыкариеванын билдиришинче, жаңжалдан кийин тажик жарандары бөгөп койгон Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолдор жабык турат.
Кырдаал туруктуу. Аймактагы кырдаалды чек арачылар менен кошо ички иштер кызматкерлери да көзөмөлдөп турушат. Мурдараак ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ак-Сайга барып, абал менен таанышып, ок тийип жарадар болгон жарандар менен жолуккан.
Белгилей кетсек, 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында, бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны каза болгонун, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз