Суббота, 27 апреля

Орто-Сай базарында өрт чыкты

0

Кечээ борбор калаадагы “Орто-Сай” базарында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, базар 9-ноябрга караган түнү күйө баштаган. Кырсык тууралуу ӨКМга 9-ноябрга караган түнү чакыруу түшүп, саат 00:18де алгачкы биригада чыгып кеткен.

Бишкектеги «Орто-Сай» базарындагы өрттү өчүрүүгө беш бригада тартылып, өрт түнкү саат үчкө жакын өчүрүлгөн.

Азырынча жаракат алгандар туурасында так маалымат жок.

“Орто-Сай” базары Бишкектин түштүк тарабында Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, кийим-кече, азык-түлүк жана тиричилик каражаттары сатылат. “Орто-Сай” базары калаадагы ири базарлардын бири.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз