Украинанын Харьков шаарындагы Азербайжан консулдугуна куралдуу кол салуу болду.
Консулдуктун билдирүүсүнө ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 02.30 чамасында болгон кол салууда консулдукка 6 жолу ок атылганы белгиленди.
Коопсуздук камерасынан кол салгандардын эки жаш жигит экендиги аныкталды.
Кол салуу учурунда консулдукта эч ким болбогондуктан эч бир зыян тартуунун болбогондугу, окуя тууралуу териштирүүнүн баштатылганы билдирилди.