Воскресенье, 19 мая

Өзбекстанда кош бойлуу аялдар жана жаш балдарга бекер витамин жана йод таратылат

0

2021-жылдын 1-июнунан тарта Өзбекстанда 5 жашка чейинки жаш балдарга витамин жана микроэлементтер, 10 жашка чейинки балдарга паразитке каршы дары-дармектер, 15 жашка чейинки балдарга болсо курамында йод бар дары-дармектер бекер таратылат.

Бул тууралуу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо алкагында өткөрүлгөн видео конференциясында билдирди.

Ушул жылдын 6-ноябрындагы жаңы жарлыктын негизинде жогорудагы аталган дары-дармектер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга, ошондой эле жаш балдарга таратылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз