Суббота, 18 апреля

Коронавирус илдети дагы 571 адамдан табылды

0

9-ноябрга карата Кыргызстандын аймагында дагы 571 адамдан коронавирус жана пневмония дарты аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Алар:

— Бишкек шаарында 154 адам;

— Ош шаарында 52 адам;

— Чүй облусунда 78 адам;

— Ош облусунда 86 адам;

— Талас облусунда 20 адам;

— Нарын облусунда 1 адам;

— Ысык-Көл облусунда 47 адам;

— Жалал-Абад облусунда 77 адам;

— Баткен облусунда 56 адам.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 457 бейтап, үй шартында 3 миң 737 киши дарыланууда.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 6, стационарлардан 8 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 649 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 436 медкызматкер айыгып чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз