Воскресенье, 19 мая

II чейректе окуучулардын билим алуусу кандай режимде уланат?

0

II чейректе мектептер ар бир аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша ачылат. Инфекция боюнча кырдаал оор болгон жерлерде окуучулар билим алуусун онлайн режимде улантат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

«Эпидемиологиялык абал туруктуу делген аймактарда алгач мектепке 1-5-класстын жана 9-11-бүтүрүүчү класстардын окуучулары барат. Эгер абал туруктуу бойдон кала турган болсо, анда 15 күндөн кийин калган класстын окуучуларына мектептен билим алууга акырындык менен уруксат берилет. Мунун баарын жергиликтүү бийлик штаб менен акылдашып чечет», — деди Бейшеналиев.

Ал эми коронавирус көп катталып жаткан аймактарда окуучулар билимди аралыктан алып турушат.

Министр Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал оор болгондугуна байланыштуу мектепке 1-класстар гана барарын, калган окуучулар азырынча билимди онлайн режиминде улантарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 10-ноябрда аяктап, 11-ноябрда окуу башталат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз