Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бүгүн, 9-ноябрда ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу таратып, парламентаризм багытын жоготууга каршы экенин жана аны коргой турганын билдирди.
Эскерте кетсек, борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.
Учурда 10 киши президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган.
