Вторник, 21 мая

Еревандагы митингчилер өкмөт үйүнө кирип барышты ФОТО

0

Азербайжан, Армения жана Орусиянын президенттери Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюсунан кийин Армениянын борбор калаасы Ереванда нааразылык акциялары башталды.

Еревандын борборундагы Республика аянтында бул келишимди сындаган көптөгөн эл чогулду.

Митингчилер өлкөнүн парламенттик имаратын басып алып, отурум залындагы трибунаны ээлеп алышты. Мындан сырткары кыжырданган митингчилер өкмөт үйүндөгү буюмдарды бузуп-жарып, талкалашууда.

Армениянын премьер министри Никол Пашинян келишимге кол койгондугу тууралуу 9-ноябрда «Фейсбук» баракчасына жазып, өзү жана эли үчүн оор чечим кабыл алганын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз