Воскресенье, 5 мая

Тышкы Иштер Министри Руслан Казакбаев Түркиядагы мекендештер менен жолугушту

0

Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министри Руслан Казакбаев иш сапары менен Түркияда.

Казакбаев жетектеген делегациянын расмий жолугушуулары 9-10-ноябрда улантылып, билим берүү, маданият, экономика жана эки өлкөнүн карым-катнаштары тармагында жүргүзүлөт.

11-ноябрда Стамбулда кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөрө тургандыгы билдирилди.

Буга чейин 8-ноябрда, Түркиянын борбору Анкара шаарында мекендештери менен жолугушуу өткөргөндүгү кабарланган.

Руслан Казакбаев жетектеп келген делегация мекендештердин Кыргызстанга болгон каалоо-тилектерин, алардын өздөрүнүн көйгөйлөрүн кеңири угуп, жооп беришти.

Ошондой эле Вандагы Улуупамир айылынан келген этникалык кыргыздар менен дагы баарлашып, алардын жылуу сөздөрүн жана айрым суранычтарын угушту.

Этникалык кыргыздар эне тилин унутуп бара жатышкандарын айтып, Кыргызстандан кыргыз тили, тарыхы жана музыка мугалиминин Улуупамирге келип иштешин суранышты.

Казакбаев менен кошо келген делегация бул тема боюнча Элчилик иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

Түркиядагы кыргызстандыктар Кыргызстандын туура өнүгүү жолун тандап алып өсүп-өнүгүүсүн, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуусун каалашат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз