Бүгүн, 11-ноябрда Ак үйдүн имаратынын алдында тынчтык митинги өттү. Ал жерге «Айымдар кыймылы» кыймылынын болжол менен 60 жаштан жогорку 6 өкүлү чогулушту.
Тынчтык митингинин катышуучулары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колдоп, 16-ноябрдагы сот отурумун ачык өткөрүүнү, люстрацияны, ошондой эле парламентке таза адамдар гана келсин деп талап кылышты.