Воскресенье, 5 мая

 Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту

0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдирүү жасашты.

Министрлер эки өлкө арасындагы тышкы саясатта, коопсуздук жана коргонуу жаатында, айрыкча экономика жаатында көптөгөн тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашты.

Түрк тарап Кыргызстандын саясий туруктуулугуна, коомдук тынчтыгына жана экономикалык жыргалчылыгына маани бергендигин тастыктады. 14-октябрда түзүлгөн жаңы кыргыз өкмөтүнө ийгилик каалады жана кийинки мезгилде боло турган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоолорго алып баруучу жараянга жетишүүнү каалап, конституциялык алкакта социалдык консенсуска ээ болгон жана кеңири катмар камтылган ыкма менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптардын тышкы саясат, коопсуздук жана коргонуу, экономика, соода, илим жана өнөр жай, транспорт, энергетика, экология жана урбанизм, саламаттыкты сактоо, тамак-аш, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы, билим берүү, маданият, туризм жана спорт жаатындагы кызматташтыгын жана координациясын тереңдетүү, бул максат менен эки тараптуу жана көп тараптуу механизмдерди максималдуу пайдаланууга макулдашкандыгы айтылды.

Тараптар аймактык жана эл аралык уюмдарда, айрыкча Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинде (Түрк Кеңешинде) болгон кызматташтыкты жана координацияны тереңдетип, алардын тилектештигин күчөтүүнү чечишти, «Тараптар терроризм жана экстремизмдин бардык түрлөрүнө каршы чечкиндүү күрөшүүнү, эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген бардык түзүмдөргө каршы күрөштү күчөтүүнү жана коопсуздук жаатында кызматташууну тереңдетүүнү макулдашышты»,-деп жазылат билдирүүдө.

Билдирүүдө кыргыз тарап жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн түрк тарапка ыраазычылыгын билдиргени белгиленип, түрк тарап Кыргызстан менен саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну уланта берери айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз