Бүгүн Бишкекте Борбордук «Ала-Тоо» аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» эпосун узак убакытка айткан иш-чарасы башталды. Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат. Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында дастан айтууда.
Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Манастын эстелигинин жанына бийиктиги беш метр айнектен жасалган боз үй курулуп, Манасчы Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 12 саат бою манас айтмакчы.