Суббота, 18 мая

Арменияда митингчилер Пашиняндын отставкага кетүүсүн талап кылууда

0

Ереванда Армения, Азербайжан жана Орусия лидерлеринин Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышууну токтотуу боюнча түзгөн келишимине каршы нааразычылык акциясы уланууда.

Митингчилер Пашиняндын отставкага кетүүсүн талап кылууда.

Аysor.am басылмасынын маалыматына караганда Эркиндик аянтында полиция митингчилерди камакка ала баштады. “Звартноц” аэропортунан калаага кирүүчү жолдо полиция транспорттун бардык түрүнө: жеңил автоунаа, микроавтобустарга курал-жарактар бар-жок экендигине тинтүү жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Еревандагы башаламандык 10-ноябрь күнү түнү, Пашиняндын Тоолуу Карабак боюнча келишимге кол койгонун жарыялагандан кийин башталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз