Пятница, 20 сентября

Крайстчёрч: гүлдөр жана баатырлар

0

Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарынын жашоочулары бейкүнөө мусулмандарга кол салуу болгон мечитке гүлчамбарларды коюшууда. Ишемби күнү каза болгондордун саны 50 адамга жетти.
Бул окуяга байланыштуу маалымат каражаттарында ок чыгарган террорчуну токтотуп, адамдарды куткарууга аракет кылгандар тууралуу жазылууда.
Наим Рашид Жаңы Зеландияга Пакистандан 2010-жылы келген. Кол салуу учурунда ал кылмышкерди токтотуу аракетин көргөндүгү террорчу өзү жарыялаган видеодон көрүнүп турат. Рашид оор жаракат алып, ооруканада көз жумган. Анын 21 жаштагы уулу да каза болгон.
Хуршид Алям, Рашиддин агасы:
«Мен агам менен аябай сыймыктанам. Мен да ал сыяктуу баатыр катары өлгүм келет. Мен ошол кандуу окуяны өз көзү менен көргөн адамдардан агам башкаларды куткарып калууга аракет кылгандыгы тууралуу айткандарын уктум».
Шаардыктар кылмышкерди кармашкан полиция офицерлерине да ыраазычылык билдиришүүдө. Ал бир жарым сааттан кийин тартип сакчыларынын жогорку кесипкөйлүгү менен гана колго түшкөн. Полиция куралдуу австралиялыктын автомашинасын сүзүп токтоткон.
«Булар карапайым, катардагы эле жигиттер. Мен аларды эми элдин баары баатыр деп эсептей тургандыгына ишенем. Бирок алар өздөрүн мындай деп эсептешпейт», — деди Полиция ассоциациясынын төрагасы Крис Кэхилл.
«Алар келечекте да мындай чабуулду ооздуктоо үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышты. Мен алардын бул максаты ишке ашты деп ишенем», — деп билдирди полициянын комиссары Майк Буш.
Брентон Таррант азырынча жалгыз айыпталуучу болууда. 28 жаштагы австралиялык ишембиде сот жообуна тартылып, бир айга камакка алынды.
Мындан тышкары дагы төрт адам кармалып, ММКлардын маалыматы боюнча алардын үчөөсүн кандуу окуяга тиешеси жок деп табылып, коё берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз