Пятница, 20 сентября

Орусиянын «Краснодар» кемеси Жер ортолук деңизине өттү

0

Орусиянын «Краснодар» суу астында жүрүүчү дизель-электр кемеси Босфор аркылуу Кара деңизден Мрамор деңизине сүзүп өттү. Бул Новороссийскиде жайгашкан аскер-деңиз күчтөрүнүн жаңы суу астында жүрүүчү кемелердин бири. Ал 2015-жылы ишке киргизилип, бортунда 2 миң километр аралыкка чейин атыла турган «Калибр» канаттуу ракетасын алып жүрө алат. «Краснодар» Жер ортолук деңизиндеги россиялык аскер-деңиз флотуна кошулары болжолдонууда.
Азыркы эреже боюнча, бул суу астында жүрүүчү кеме Стамбул аркылуу суунун үстү менен өткөн. Аны катерлер жана түркиялык жээк күзөтүнүн кемеси коштоп жүргөн.
«Краснодар» үчүн бул Жер ортолук деңизиндеги биринчи сапары эмес. Ал Сириядагы операцияларга катышкан. Атап айтканда «Калибр» ракеталары менен «Ислам мамлекети» террордук тобунун жоочуларынын турактарына чабуул жасаган. 2017-жылы июлда «Краснодар» Тартус портундагы деңиз парадына катышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз