Пятница, 3 мая

Президентикке талапкерлердин саны 24кө жетти

0

Президенттик шайлоого катышууга талапкерлигин койгондордун саны 24кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда президенттик шайлоого катышуу максатында БШКга Арсланбек Малиев арыз менен кайрылган. Малиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 1957-жылы 8-октябрда төрөлгөн.

Ошондой эле кечээ, 12-ноябрда «Ай-Данек» гезитинин редактору Токтайым Уметалиева президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз тапшырды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз