Пятница, 17 мая

Сапар Исаков Орусияга качканбы?

0

Азыркы күнгө чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кайда экени белгисиз. Анын жакындары да кайда экендиги тууралуу малыматы жок экендигин айтып келишет. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда баш калкалап жүргөндүгү айтылууда.

Эске салсак, Сапар Исаков жана бир нече саясатчыларды 6-октябрдагы башаламандыкта митингчилер түрмөдөн бошотуп кетишкен. Сапар Исаков менен кошо Албек Ибраимов да бошотулган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине («Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы») ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

13-октябрь күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшкү саат 13:00гө чейин Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун абакка өз ыктыярлары менен кайтып келишин күтүшкөн.. Бирок экөө тең келген эмес.

Учурда алар мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз