Эртең, 14-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлердин арызын алуу мөөнөтү аяктайт.
Бүгүнкү күндө Борбордук шайлоо комиссиясына 24 адам президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, арыз менен кайрылган.
14-декабрга чейин президенттикке талапкерлерди каттоо иштери жүргүзүлөт.
Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт.