Пятница, 22 ноября

Ливиянын жээктеринде курман болгон мигранттардын саны өсүүдө

0

Аль-Хумса порт шаарынан алыс эмес жерде Ливиянын жээктеринде кеме кыйроосунун кесепетинен 74төн ашуун мыйзамсыз мигрант курман болду. Бул жөнүндө миграция боюнча Эл аралык уюм (МОМ) билдирүү жасады.

Билдирүүгө караганда кемеде арасында аялдар жана жаш балдар болгон 120дан ашуун адам болгон.

Жээк коопсуздугунун кызматкерлери жана жергиликтүү балыкчылар алардын 47син жээкке чыгарышкан. Азыркы учурда куткаруучулар 31 курман болгондордун жансыз денесин табышты. Бул кырсыктын калган курмандыктарын издөө иш-чарасы улантылууда.

МОМдун айтуусунда 1-октябрдан бери Жер Ортолук деңизинде эң аз 8 кеме бортунда мыйзамсыз мигранттары менен чөгүп кеткен.

Бул уюмдун маалыматына ылайык ушул жылы Жер Ортолук деңизинде Европанын жээктерине жетиш үчүн чыккан 900дөн кем эмес киши чөгүп, бул дүйнө менен кош айтышкан

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз