Понедельник, 20 мая

Азиз Батукаевдин иши боюнча сот отуруму кийинкиге жылдырылды

0

Бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отуруму судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу өткөрүлбөй, кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүнкү отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүү тууралуу арызы каралмак.

Жогорку сот бул иш боюнча кийинки отурум качан болору азырынча белгисиз экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз