Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту

0

Бүгүн Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту.

Алар Атамбаевдин ишин карап жаткан судьялардын чыгып, абалды түшүндүрүп берүүсүн талап кылышты.

Кийинчерээк чогулгандарга Жогорку соттун басма сөз кызматынын кызматкери чыгып, ал ишти карап жаткан 3 судьянын экөө ооруп жатканын, ошондуктан сот отуруму кийинкиге жылдырылганын айтты.

Чогулгандар эмне үчүн сот отуруму жабык өтүп жатканын сурашты. Басма сөз кызматтын кызматкери ишке «жашыруун» деген гриф коюлганын билдирди.

Модераторлор митингчилерди тароого жана 30-ноябрда кайрадан чогулууга чакырышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз