Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Конституциянын жаңы долбоорунун демилгечилеринин бири болгонун социалдык тармактардан көргөн. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жарыялады.
Анын айтымында, ал демилгечи топко гана мүчө катары кирген.
«Мурдагы күнү Жогорку Кеңеште депутаттардын тобу «келип кетиңиз» деп чакырышты. Мен барсам Конституцияны өзгөртүүгө демилгечи топторду түзүп жатышканын айтышты. Мен парламенттик системаны коргоюн деген ниет менен кол коюп, демилгечи топко кошулгамын.
Кечээ Жогорку Кеңешке барып «ошол долбоорду көрсөм болобу, кандай даярдап жатасыңар» деп сурасам мага даяр долбоорду беришти. Мен ошол жерден эле долбоорго макул эмес экенимди бир топ депутаттардын көзүнчө айттым.
Демилгечи топко киргеним тууралуу кол койгон кагазымды кайтарып алайын десем «ал кагаз бул жерде жок эле» дешкенинен «анда силер менин жообумду уктуңар» деп кетип калгамын. Жаңы долбоорго автор болуп калганымды социалдык тармактардан түндө көрдүм — дейт Токтошев.