Суббота, 27 апреля

Кыргызстанда бүгүн вирус 425 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 425 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте — 110, Ош шаарында — 13, Чүй облусунда – 117, Ош облусунда — 50, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 35, Баткен облусунда — 29 адамдан вирус аныкталды.

Өлкөдө жалпы 67 миң 894 адам коронавируска кабылса, 58 миң 846 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Бишкекте – 1, Талас облусунда – 1, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош облусунда – 1 киши көз жумду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз