Суббота, 27 апреля

Түркияда кайрадан чектөөлөр киргизилди

0

Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 103 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 11 миң 697 деп катталды.

Түркиянын борбор шаары Анкарадагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча өткөрүлгөн министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган, мектептердин жылдын аягына чейин аралыктан билим берүүсүн уланта турганын,аптанын акырында Түркия убактысы боюнча саат 10:00-20:00дөн тышкаркы убактарда карантин ишке ашырыла турганын, соода борборлору, азык-түлүк дүкөндөрү, чач тарач сыяктуу жайлардын иштөө мөөнөтү дагы ушундай боло турганын, бардык спорттук беттешүүлөрдүн көрүүчүсүз өткөрүлө турганын, кино театрлардын жылдын аягына чейин жабык боло турганын, ресторандардын бир гана пакет жеткирүү тейлөөсүн аткара турганын билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз