Среда, 24 апреля

Атамбаевдин адвокаты Башкы прокуратурага арыз жазды

0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камакта отурган учурдагы сүйлөшүүлөрү жазылган видеону тартуу фактысын иликтөөнү талап кылып, анын адвокаты Замир Жоошев Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу адвокат өзү билдирди.

Жоошев арызында тасма УКМКнын тергөө абагынан тартылганын белгилеп, видеону таркаткандарды, сыртка чыгаргандарды жазага тартууну талап кылды.

Эки күн мурун ал Алмазбек Атамбаевдин камакта жаткан учурда тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырган. Ал видеону атын ачыкка чыгарууну каалабаган адам бергенин, белгисиз киши аны 5-6-октябрь күнү Жогорку Кеңешке кирген учурда президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн таап алганын айткан.

Адвокат кабарлагандай, 42 мүнөт видеодо Алмазбек Атамбаев өзүнүн башка адвокаты Сергей Слесарев менен баарлашып жатканы тартылган. Ал андагы сүйлөшүүлөрдө сыртка чыкпай турган, купуя маалыматтар, үй-бүлөлүк маселелер талкууланганын, мыйзамга ылайык, адвокат менен айыпталуучунун сүйлөшүүсүн эч ким жаздырбаш керек экенин билдирүүдө. Жоошев тасманы УКМК мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго тартып берип турган деп эсептейт.

УКМК бул жагдай боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз