Пятница, 27 ноября

КТРКнын башкы директорлук кызматына 15 талапкер ат салышууда

0

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлугуна 15 адам талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинен билдиришти.

Кечээ, 18-ноябрь күнү КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйыны өтүп, анда КТРКнын башкы директор кызматына талапкерлердин документтери салынган конверттер ачылган.

Талапкерлердин тизмеси:

  1. Алиев Бахтияр Дженишбекович
  2. Босумбаев Сураган Раимбекович
  3. Дюшалиев Сталбек Бекжанович
  4. Казакбаев Замир
  5. Кольбаев Усен Асанбекович
  6. Кошалиев Кадырали Амиракулович
  7. Кыязов Эрнс Абибилаевич
  8. Мамбетөмүрөв Дүйшеналы
  9. Мукарамов Шайырбек Эркинович
  10. Окенова Ырыс Океновна
  11. Султанбаев Абдыкадыр Дарданович
  12. Тайтекеев Калыбек Рысбекович
  13. Тиллебаев Болотбек Кочкорович
  14. Токторов Алим Абдинабиевич
  15. Турдалиев Айбек Чыныбекович

Баардык 15 талапкер сынактын кийинки баскычына өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз