Четверг, 25 апреля

Бүгүн вирус дагы 422 адамдан табылды

0

Акыркы сутка ичинде вирус дагы 422 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1217 адамга жетти.

Оору жуккандардын жалпы саны 68 316 кишиге жетти. Бир күндө 516 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3776 адамга жетти, алардын 3521и айыгып чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз